Ичимдиксиз той, жубайынын "хейтерлери", кулчулук. Шоумен Актан Рыскелдиев менен маек
Бул жолу SUPER.KG порталынын коногу белгилүү актёр, тамада жана шоумен Актан Рыскелдиев болду. Ал чыгармачылык жолу, үй-бүлөсү, жубайына болгон сүйүүсү жана Казакстандагы кулчулук окуясы тууралуу ачык айтып берди.
Актёр "Качкын" тасмасы болгон окуядан улам тартылып, анда өз башынан өткөргөн кулчулук темасын көтөргөнүн баяндады. Ал ошондой эле жашоодон терс адаттардын баарын чийип салгандыгын кошумчалады.
Тамада катары ичимдиги жок тойлорду алып барып жатканына 2 жыл болгонуна токтолду. Буйрутма аз болсо да, ичимдиксиз той өткөрсө боло турганын коомчулукка жайылтып келе жатканын билдирди.
Эң негизгиси жубайына болгон коомчулуктун мамилеси, ага болгон өзүнүн сезимдерин жашырбай, "хейтерлер" менен салгылашып келе жатканын айтып өттү.
Толук маекти SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрө аласыздар!

