Кытайда өтө турган ШКУнун саммитине 20дан ашык өлкөнүн лидерлери катышат
Кытайдын Тяньцзинь шаарында 31-августтан 1-сентябрга чейин өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине 20дан ашык мамлекеттин жетекчилери жана 10 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Лю Бинь маалымат жыйында билдирди.
Дипломаттын айтымында, дүйнөлүк лидерлер ШКУнун ийгиликтүү тажрыйбаларын жана уюмдун өнүгүү багыттарын талкуулап, кызматташуу боюнча чечим кабыл алышат.
Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армениянын лидерлери, Орусия менен Беларустун президенттери, Индиянын премьер-министри, Иран менен Түркиянын өлкө башчылары жана башка саясатчылар чакырылган.
Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы эл аралык уюм болуп түзүлгөн. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Беларус өлкөсү мүчө.
