Ынтымак ордого келген Токаевди президент Садыр Жапаров тосуп алды (фото)





Бүгүн, 22-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ынтымак ордого келди.
Казакстандын лидеринин кортежи Ынтымак ордо имаратынын алдына келди. Ардактуу конокту президент Садыр Жапаров тосуп алды.
Ынтымак ордонун флагштокторуна Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинди, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү.
Президенттер бири-бири менен учурашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү.
Андан соң Жапаров менен Токаев өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырышты. Андан кийин Ардак кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.
Өлкө лидерлери саламдашкан чоң, бирге сүрөткө түшүп, андан соң сүйлөшүү үчүн жыйындар залына кирип кетишти.
