super.kg logo
  Саясат  

Жапаров менен Токаев ЖМК үчүн билдирүү жасады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-августта Бишкек шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Анда Садыр Жапаров кыргыз жана казак элдери эзелтеден ынтымакта жана достукта жашап, бири-бирин колдоп келгенин белгиледи.

"Байыртадан бери биздин элибиз жанаша, ынтымакта, достукта жашап, бири-бирине жөлөк болуп, жардам берип, колдоо көрсөтүп келишкен. Ушуга байланыштуу калыптанган достук, салттын негизинде бардык маселелерди кеңешип чечебиз деп терең ишенем. Анткени кыргыз менен казак эгиз элдер.

Абай атабыз айткандай, казак менен кыргыздын тукумдаш экенин талашпайм, ошондой эле эч бир кыргыз казак менен кыргыздын бир туугандыгына күмөн санабайт деп баса белгилеп кетмекчимин.

Урматтуу Касым-Жомарт Кемел уулу, былтыр Астана калаасында сиз менен эки тараптуу кызматташуубуздун бардык тармактарын кылдаттык менен карап чыкканбыз. Бүгүн биз жогорку мамлекеттер аралык кеңешибиздин 7-жыйынын өткөрүүдөбүз. Бул жыйын биздин мамлекеттердин ортосундагы боордоштукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана өз-ара ишенимге жаңы дем берип, эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишеним артам.

Казак менен кыргыздын тамыры бир, тагдыры бир деп улуу казак акыны Жамбыл Жабаев айткандай, чындыгында эле биздин элибизди тарых, маданият жана тагдыр бириктирип келген. Мен бул улуу инсандын сөзүнө толугу менен кошулуп, биздин өмүрлөш элдердин келечеги дагы бир деп айтар элем.

Сиздин бүгүнкү сапарыңыздын алкагында тарыхый жана маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө. Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугун салтанаттуу ачылышы - бул кыргыз-казак кызматташтыгынын жаңы барагы десек болот. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин базасында Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын ачылышы – бул билим жана илим жаатындагы өз-ара аракеттенүүнүн келечектеги көпүрөсү болот деп ишенем.

Мындан тышкары Бишкек калаасында казак киносунун күндөрү жана эки өлкөнүн таланттуу, демилгелүү жаштардын катышуусу менен үчүнчү Жаштар форумы ийгиликтүү жана жемиштүү өттү.

Жакында эле борборубузда улуу казак жазуучу Абай Кунанбай уулунун 180 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Кыргыз эли Абай Кунанбай уулунун улуу жолун, чыгармачылыгын, сөз касиетин өзгөчө урматтайт. 3 жыл мурун Бишкек калаасынынын борборунда Абай Кунанбаевдин айкелинин ачылышы буга далил болуп саналат. Ал иш-чарага биздин катышуубузду өзгөчө жылуулук менен эстейм.

Ал эми бүгүн болсо сиз менен бирге кыргыз-казак достугунун алтын көпүрөсү аталган Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Ауэзовдун Бишкек калаасындагы монументалдык эстелигинин ачылышына катышканы турабыз. Бул эки улуу инсан дүйнөгө боордош элдин руханий бийиктигин жана достуктун түбөлүктүүлүгүн даңазадап келишкен.

Улуу Чыңгыз Айтматов айткандай, эл достугу - эң бийик тоо, анын чокусуна чыккандар эч качан ызаа көрбөйт. Биз дагы бийик чокуга кол кармашып бара жатабыз десек болот. Сиздин жеке демилгеңиз жана колдооңуз менен ишке ашып жаткан бул маданий долбоорлор кыргыз-казак ынтымагынын бекемделишине зор салым кошууда",- деди өлкө башчысы Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: