super.kg logo

Бир адамдын өмүрүн алган Нарындагы көпүрөнү куруу иштери жүрүүдө

 

Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, жумуштар "Бишкек-Темир" ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Ошондой эле курулуш иштерине "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасы да тартылган.

"Учурда көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталар алдында турат. Бул этап көпүрөнүн туруктуулугун камсыз кылган негизги конструкция болуп эсептелет. Алдыда үстүңкү конструкцияларды орнотуу жана жол кыймылын калыбына келтирүү жумуштары аткарылат",- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, тагыраагы, 16-августа транспорт министри Абсаттар Сыргабаев кырсык болгон жерге барып, эл менен жолугушканда көпүрө 21 күндө толук салынып бүтөрүн айткан.

Эске салсак, 13-августта Эки-Нарын айлынын Нарын шаары жана башка аймактар менен байланыштырып турган көпүрө кулаган.

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө аталган айылдын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кулаганын билдиришкен.

Жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышып, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаганын белгилешкен.

Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин айтышкан.

15-августта Ички иштер министрлиги сууга кулаган жүк ташуучу унаанын айдоочусунун сөөгү Нарын облусунун Ак-Кыя аймагынан табылганын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: