Румыния Украинага аскер жиберүүдөн баш тартты
Румыния өз аскерлерин Украинага жөнөтүүдөн баш тартты. Бирок АКШнын F-35 кыйраткыч учактарын жайгаштыруу үчүн өлкө аймагындагы базаларын НАТОго берүүгө даяр. Бул тууралуу Румыниянын премьер-министри Илие Боложан Agerpres агенттигине билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта деле румын аэродромдорунан аба патрулдук учуулары жүргүзүлүп, Кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөө иштери улантылууда. Биргелешкен аскердик машыгуулар өтүүдө. Боложан бул аракеттерди Румыниянын Украинада туруктуу тынчтык орнотууга кошкон салымы катары мүнөздөдү.
Мунун алдында британиялык The Times басылмасы бир катар европалык өлкөлөр АКШдан коопсуздук кепилдиктерин камсыз кылуу максатында F-35 учактарын Румынияга жайгаштырууну суранып жатышканын жазган. Мындан тышкары, алар Киевге Patriot жана NASAMS зениттик-ракеталык комплекстерин берүү милдеттенмесин, ошондой эле келечекте Кара деңиз үстүнөн чалгындоо учактарын пайдаланууга уруксат берүүнү талап кылышууда.
Эске салсак, буга чейин Европа өлкөлөрү АКШ президенти Дональд Трамптан Украинанын коопсуздук кепилдиктери үчүн америкалык кыйраткыч учактарды Румынияга жайгаштырууну сунуштаганы айтылган болчу.
