Алмамбет Шыкмаматов: "Кыргыз-казак чек арасында электрондук кезек системи пайда болот"
Бүгүн, 22-августта Ынтымак Ордодо президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жетинчи мамлекет аралык жогорку жыйын өткөрдү.
Жыйынга катышкан мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов тар сүйлөшүүдө эмнелер талкууланганын айтты. Анын айтымында, жакын арада кыргыз-казак чек араларындагы узун кезек жоюлат.
"Биринчиден, чек араларда электрондук кезек системи пайда болот. Казакстан менен Кыргызстандын чек ара аймагындагы оператору болуп салык кызматы эсептелинет. Бул биздин чакан ишкерлерге, жүк ташуучуларга жеңилдик жаратат. Бул - мамлекеттин аларга болгон камкордугу.
Мындан тышкары, жүк ташуучу унааларга GPS түзмөк орнотулат. Унааны акыркы багытына чейин GPS аркылуу көзөмөлдөп турабыз. Бул көмүскө экономика менен күрөшүүгө чоң түрткү берет",- деди ал.
Ошондой эле төрага жаңы жылдан кийин эки өлкө ортосунда документтерди расмий таануу ишке ашарын белгиледи.
"2026-жылдын январь айында дагы бир механизмди ишке ашырабыз. Бул - документти расмий таануу. Мында бир эле документ бизде жана Казакстанда да таанылат",- деп кошумчалады ал.
