Казакстан президенти Ташиевди "Достук" ордени менен сыйлады






Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 22-августта президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин "Достук" ордени менен сыйлады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы "Достук" ордени менен сыйланды.
Ошондой эле II даражадагы "Достук" ордени менен Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков, президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, коомдук ишмер Аскар Салымбеков сыйланды.
Касым-Жомарт Токаев бул жөн гана салтанат эмес, Казакстандын боордош Кыргызстан элине болгон ыраазычылыгынын жана терең урматтоосунун белгиси экенин өзгөчө белгиледи.
"Бүгүнкү окуя казак-кыргыз мамилелеринин тарыхында элдерибиздин түбөлүк боордоштугунун жана коңшулаштыгынын символу катары алтын тамгалар менен жазылып калат деген ишеничтемин. Сиздер өз мекениңиздердин ырааттуу өнүгүүсүнө гана эмес, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого да олуттуу салым кошо бересиздер деп ынанып турам",- деди ал.
