Лукашенко Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун Минскте өткөрүүнү сунуштады
Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусия президенти Владимир Путин менен Украина жетекчиси Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсүн Минскте уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Менин максатым – сүйлөшүүлөрдү өткөрүү эмес. Бирок, эгер тараптар макул болуп, жолугушууну каалашса, Беларус баарын жогорку деңгээлде уюштуруп берет", - деди Лукашенко.
Ал Минск шаарын идеалдуу жай болорун белгиледи. Лукашенко эгер сүйлөшүүлөр болсо, согушту токтотуп, адамдардын өмүрүн сактап калууга кадам ташталган болот деп эсептейт. Ошондой эле Украинада тынчтык орнотуу үчүн бир нече этаптан өтүү керектигин кошумчалады.
Украина президенти Владимир Зеленский болсо жолугушууну Швейцарияда, Австрияда же Түркияда өткөрүү мүмкүндүгүн карап жатканын айткан.
Буга чейин АКШ Москва, Вашингтон жана Киевдин ортосунда Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна даярдык боюнча координация жүрүп жатканын билдирген.
