Трамп даттанган Венгрия өкмөт башчысына жооп берди
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинанын "Дружба" мунай кууруна кол салганына байланыштуу АКШ президенти Дональд Трампка кат жазган. Бул тууралуу Magyar Nemzet басылмасы кабарлап, каттын көчүрмөсүн жана ага Трамптын жообун жарыялады.
"Мунай кууру Венгрия менен Словакияны мунай менен камсыздайт. Венгрия Украинаны бензин жана электр энергиясы менен колдойт. Алар жооп катары бизди камсыздаган инфраструктураны бомбалап жатат. Бул абдан достукка жатпаган ишарат! Президент Трамптын тынчтыкка умтулуусунда ийгиликтерди каалайм", - деп жазган Орбан.
АКШ президенти "Виктор, уккандарым мага жаккан жок. Мен буга абдан ачууланып жатам. Муну Словакияга бериңиз. Сиз менин досумсуз", - деп жооп жазган.
Белгилей кетсек, Словакия менен Венгрия мунайды Орусиядан импорттойт.
