Нарында уруксат кагазы жок курулган бетон заводу аныкталды
Нарын шаарында уруксат кагазы жок курулган бетон заводго айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Нарын региондук мамлекеттик архитектура жана курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан калаанын Зайпин аймагындагы бетон заводдун курулушу текшерилген.
Натыйжада "Нарын курулуш компаниясы" ЖЧКсы тарабанан салынган бетон заводдун курулушунун уруксат кагаздары жок экендиги аныкталган. Башкармалык тарабынан курулуп жаткан объектилердин реестрине катталбагандыгы жана заводдон чыгарылып жаткан бетондун сапатын тастыктоочу тиешелүү документ-серфикаттары жок экендиги белгилүү болгон.
Жыйынтыгында акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертме кагаз берилген. Ошондой эле протоколдун негизинде "Нарын курулуш компаниясы" ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды.
22.08.25.
