Балыкчыдагы жолду оңдоодо мыйзам бузуулар болгону аныкталды



Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы Т.Молдо көчөсүн реконструкциялоодо мыйзам бузуулар орун алганы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган көчөнү реконструкциялоодо "Чу Прокси" ЖЧКсы тарабынан бекитилген долбоордун бузулушуна жол берилген. Аталган жердеги асфальттын калыңдыгы жука төшөлгөн. Ошондой эле жумуштар макулдашуусуз жана кайра экспертизадан өткөрүлбөстөн аткарылган.
Пландан сырткаркы текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчыга эскертүү берилип, административдик айып салынган. Бирок жаңыланган документтерди берүү талабы аткарылган эмес. Учурда ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда.
Министрлик курулушту аяктоо үчүн мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы "4 Энержи" ЖЧКсы менен жаңы келишим түзгөнүн кошумчалады.
