super.kg logo

Автобус эсиңиздеби? Жапаров менен Токаев казак президентинин атасы окуган мектепке барышты

 

Бүгүн, 22-августта өлкө башчы Садыр Жапаров менен Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев Бишкектеги Кемел Токаев атындагы №33 орто мектеп-гимназиясына барышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчылар мектептин имаратын жана Кемел Токаевге арналган маалымат бурчун көрүшкөн. Андан соң лидерлерге буга чейин Казакстандын президенти белек кылган окуучулар үчүн автобус көрсөтүлдү. Мындан тышкары президенттер мектеп-гимназиянын жамааты жана окуучулары менен баарлашышты.

Соңунда Касым-Жомарт Токаев окуучуларга окуудагы ийгиликтерди каалап, мектеп келечектеги лидерлерди жана татыктуу адистерди тарбиялап чыгарат деген үмүтүн билдирди.

Билим берүү мекемеси 1940-жылы негизделген. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имарат мотоаткычтар окуу жайы жана аскердик госпиталь катары пайдаланылган. Анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында согуштун катышуучулары, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун I жана II даражадагы ордендеринин кавалери, жазуучу Кемел Токаев бар.

1947-жылдын 1-сентябрында мектеп өз ишин жандандырган. 2012-жылы ал мектеп-гимназия макамын алган. Быйыл май айында Садыр Жапаровдун демилгеси менен мектеп-гимназияга Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылган. Учурда №33 мектеп-гимназиясы Бишкектеги эң мыкты он билим берүү мекемесинин катарына кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: