Казакстандын президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады
Бүгүн, 22-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-казак биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында президент Садыр Жапаровду "Алтын Кыран" ордени менен сыйлоо аземи болуп өттү.
Мындан тышкары Кыргызстандын бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлери "Достук" ордени менен сыйланышты.
Андан соң мамлекет башчылары Бишкек шаарындагы "Достуктун алтын көпүрөсү" эстелигин ачышты. Сапардын соңунда Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Кемел Токаев атындагы мектеп-гимназияга барышты.
Эске салсак, 21-августта Токаев Кыргызстанга иш сапары менен келген. Садыр Жапаров кесиптешин "Манас" эл аралык аэропортунан тосуп алган.

