Кайыркүл Шаршебаева Дүйнө чемпиондугунда коло байге утту
Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинки жаштар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кайыркүл Шаршебаева коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 22-августта 72 килограмм салмак ченинде күрөшкөн балбан кызыбыз үчүнчү орун үчүн америкалык Жасмин Робинсон менен беттешмек. Бирок ал жаракат алганына байланыштуу жеңиш Шаршебаевага ыйгарылды.
Кайыркүл Шаршебаева күрөшүн 21-август күнү 1/8 финалдык этаптан баштаган. Биринчи беттешинде ал Украинадан келген атаандашын жеңип алса, чейрек финалда Индиянын спортчусуна утулуп калды. Ал спортчу кийин финалга чыгып, Шаршебаева көңүл жубатуучу мелдешке чыкты. 22-августта Шаршебаева коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттеште болгариялык атаандашын 12:2 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
