Курулуш министрлиги Бишкектеги чөгүп кеткен жол көзөмөлгө алынганын билдирди (видео)
Бишкектеги Маданият конушунда унаа өтүүчү жол жана тротуар чөгүп кеткен. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Министрлик кечээ, 22-августта жол тууралуу маалымат түшөрү менен жеринде Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы ыкчам иш алып барганын белгиледи. Ал жерде "Арай" ЖЧКсы канализациялык насостук станциянын курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүп жаткан. Иш учурунда дренаждык суулар канализациялык насостук станциянын чуңкуруна кирип кеткен. Натыйжада чуңкурдун эңкейиштери жуулуп, жолдун бир бөлүгү чөгүп кеткени аныкталган.
Бул окуяга байланыштуу башкармалык тарабынан “Арай” ЖЧКсына эскертүү берилип, учурда жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
23.08.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:19
2025-08-22
17:08
2025-08-22
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.