Жеңиш чокусунда калган альпинист. Куткаруучулар артка кайтканы айтылды
Кыргызстандын Жеңиш чокусунда буту сынып түшө албай калган орусиялык альпинист Наталья Наговцинаны куткаруу үчүн бара жаткан топ артка кайтканы белгилүү болду. Бул тууралуу "Звезда" маалымат каражаты базалык лагердин жетекчиси Дмитрий Грековго шилтеме жасоо менен билдирди.
Буга куткаруу тобун жетектеген Виталий Акимовдун ден соолугунун начарлашы себеп болгону айтылган.
Альпинист Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасында куткаруу тобунун мүчөсүнүн тарткан видеосу менен бөлүшүп, альпинисттин тирүү калуу ыктымалдуулугу аз экенин белгиледи.
"Мына силерге “эмнеге куткаруучулар кайра кайтып кетишти?” дегендерге жооп. Бул видеону акыркы куткаруу экспедициясынын катышуучуларынын бири Андрей Алипов тарткан. Бул алардын Жеңиш чокусуна бара жатканда экинчи лагерден үчүнчү лагерге чейин чыккан жолу.
Жеңиш чокусунун экинчи лагери 5970 метр бийиктикте жайгашса, ал эми үчүнчү лагерь 6400–6500 метр бийиктикте. Балдар болжол менен 6100 метрге чейин жетишкен. Эми элестетип көргүлө, Наталья 7140 метр бийиктикте кандай шартта калган? Ал жакта суук, шамал дагы катуу, аба ырайы мындан да оор.
Бул — “эмнеге сен аны тирүү эмес деп жазып жатасың расмий тастыкталмайынча?” дегендерге жооп. Айткылачы, адам мындай шартта кыймылдабай, тамаксыз, буту сынган, чатыры айрылган абалда канча жашай алат? Анын өлүмүн эч ким кийинки сезондон мурда тастыктай албайт. 2025-жылдагы Жеңиш чокусундагы альпинизм сезону жабылды!" - деп жазды ал.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар тобу 24-августта Наталья Наговцинага жетерин билдирген.
Наталья Наговцина 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырган. Ал болжолдуу 7140 метр бийиктикте жатат. Башында куткаруучулар альпинистке 2-3 күндүн ичинде жетүүнү пландашкан, бирок кийин 5 күнгө узартылган.
Айта кетсек, 16-августта куткаруу иштерине барган Коргоо министрлигине караштуу Ми-8 тик учагы аба ырайынын татаалдыгынан кырсыкка учурады. Экипаж мүчөлөрү жаракат алып, алар Караколго жеткирилген.
Ал эми Жеңиш чокусу альпинисттер үчүн татаал жолдордун бири экендигин адистер айтышып, өлкөдөгү үч чокуга келген альпинисттерди милдеттүү камсыздандыруу жана уруксат менен гана киргизүү сунушталууда.
23.08.25.


