super.kg logo

Садыр Жапаров Бишкектеги №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратын ачты

 

Бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага, ошондой эле №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имараттарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ардагерлер жана өздүк курам дагы катышкан. Мамлекет башчысы өз сөзүндө 1966-жылы курулган мурдагы имарат болгону 200 аскер кызматкерине ылайыкташтырылганын, бирок анда 300дөн ашуун адам кызмат өтөп, элементардык шарттар жетишсиз болуп келгенин эске салды.

Ал жаңы инфраструктура заман талабына толук жооп берерин жана аскер кызматчылары үчүн татыктуу шарттарды камсыздай турганын белгиледи.

"Өзүңүздөр көргөн жаңы шаарча салынды. Мында бардык заманбап шарттар эске алынган. Жоокерлердин жатаканасынан тарта этно-конок үйүнө чейин каралып, 22 кичи имаратты камтыган, жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзгөн, бүгүнкү замандын талабына төп келген шаарча курулду", - деп белгиледи президент.

Жапаров аскер бөлүгүнүн штабынын алдындагы тасманы символикалык түрдө чечти. Соңунда президент заманбап аскер шаарчасы, ошондой эле атайын техникалар менен таанышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: