Режиссёр Уланмырза Карыпбаев Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болду
Белгилүү режиссёр Уланмырза Карыпбаев Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Уланмырза Карыпбаев көптөгөн спектаклдерди сахналаштырган. Бир катар эл аралык сыйлыктардын жеңүүчүсү. 2018-2020-жылдары Байтен Омаров атындагы Алматы шаарынын "Жас Сахна" театрынын режиссёру. 2020-2022-жылдары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында режиссёр. 2022-2024-жылдары Азербайжан Мамбетов атындагы Мамлекеттик драма жана комедия театрынын (Казакстан) башкы режиссёру, ошол эле убакытта Казак улуттук искусство университетинин режиссёрдук курсунун жетекчиси болгон.
Ошондой эле 2022-жылдан бери Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын режиссёру. 2024-жылдан тартып Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин актёрдук жана режиссёрдук курсунун жетекчиси.
Уланмырза Карыпбаев койгон спектаклдер бир нече жолу эл аралык театр фестивалдарынын лауреаты аталып, Кыргызстанга 9 баш байге алып келген. Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты.
Казакстан көркөм өнөр академиясынын ардактуу академиги. "Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр режиссёру". "ТУГАНЛЫК" эл аралык театр фестивалында "Ак кеме" спектакли үчүн "Эң мыкты режиссёрдук жумуш" номинациясын алган.
"ART-ORDO" эл аралык фестивалында "Күн кармаган бала" спектакли үчүн "Эң мыкты режиссура" номинациясын жеңген. Казакстандагы "TEATRALL" эл аралык фестивалында "Боранды бекет" спектакли үчүн А.Мамбетов атындагы сыйлык жана "Эң мыкты режиссураны" жеңген.
"Эң мыкты режиссёр" номинациясы боюнча "Эргүү" Улуттук театр сыйлыгынын лауреаты, "Эң мыкты режиссёр" (2023) номинациясында Казакстан Маданият жана спорт министрлигинин "УМАЙ" Улуттук сыйлыгынын дипломанты.
Маданият жана искусстводогу жетишкендиктери үчүн Уланмырза Карыпбаев Ч.Айтматов, М. Рыскулов А.Мамбетов, Ж.Абдыкадыров, И.Рыскулов, А.Сарлыкбеков, А.Шатенов жана С.Каралаев атындагы эл аралык жана республикалык сыйлыктардын лауреаты аталган.
Уланмырза Карыпбаев түрк маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ТҮРКСОЙ уюмунун "Ардак" ордени жана башка бир катар наамдардын, сыйлыктардын ээси.

