super.kg logo

Welt am Sonntag: Кытай Украинага бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүгө даяр

 

Кытай Украинага тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында аскер күчтөрүн жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу Welt am Sonntag басылмасы Евробиримдиктин аты аталбаган дипломаттарына шилтеме кылып жазып чыкты.

Алар өз кезегинде Кытайдын өкмөттүк чөйрөлөрүндөгү булактарына таянуу менен билдиришкен. Маалымат булактарынын айтымында, Пекин мындай кадамга БУУнун мандаты менен гана бара турганын белгилеген.

Брюсселде бул перспектива ар кандай реакцияларды жаратканын WamS басылмасы жазды. Бир жагынан Кытай өңдүү өлкөлөрдү тынчтык орнотуу миссиясына тартуу ок атышууну токтотуунун шарттарынын сакталышын көзөмөлдөө үчүн Украинага эл аралык аскерлерди киргизүү планын колдоону күчөтүшү мүмкүн.

"Бирок, экинчи жагынан, Кытай биринчи кезекте Украинада тыңчылык менен алектенет жана жаңжал чыккан учурда бейтараптуулукту сактоонун ордуна ачык эле орусиячыл позицияны карманып калуу коркунучу бар", - деп билдирди журналисттер менен болгон маегинде атын атагысы келбеген Евробиримдиктин талкуулар менен тааныш жогорку даражалуу дипломаты.

Басылма белгилегендей, ар кандай себептерден улам Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү тынчтык орнотуучу аскерлерди Украинага жөнөтүүдөн мурда БУУнун мандаты менен камсыз кылууга умтулушпайт. Ошол эле учурда Италия БУУнун мандаты болгондо гана Украинага тынчтык орнотуучу күчтөрүн жөнөтүүгө даяр экенин баса белгилейт.

Кытай өкмөтү буга чейин Украинага бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү маселеси талкууланып жатканы тууралуу маалыматты четке каккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: