Белгилүү актёр Руслан Курманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жетектөөчү артисти, белгилүү актёр Руслан Курманалиев 53 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Руслан Курманалиев 1972-жылы Нарын облусунун Сары-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. 1987-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырып, чыгармачылык жолун баштаган.
Өмүрүн өнөргө арнаган Курманалиев 30 жылдан ашык убакытта театр жана кино тармагында эл сүймөнчүгүнө ээ болгон көптөгөн ролдорду жаратты. Анын сахнада жана экранда аткарган 80ден ашык образдары кыргыз маданиятынын бай мурастарынын катарына кирип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырды.
Ал чыгармачылык жолун "Жайсаң" театрынан баштап, кийин "Тунгуч" жаштар театрында иштеп, 2000-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына өтүп, өзүнүн чыныгы талантын ачты. 2021–2024-жылдары аталган театрдын көркөм жетекчиси катары эмгектенип, театр жамаатын жаңы бийиктиктерге жетеледи. Анын жетекчилигинин алдында театр эл аралык аренада да ийгиликтерге жетишти.
Өзүнүн чыгармачылык эмгектери үчүн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга ээ болуп, искусствого чоң салым кошту. Театр менен кино үчүн анын эмгеги тарыхта калары шексиз.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Руслан Курманалиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.



