Эрдогандын жубайы Мелания Трампка кат жазды
Түркия президентинин жубайы Эмине Эрдоган АКШнын биринчи айымы Мелания Трампка кат жолдоп, аны Газа тилкесиндеги балдардын абалы боюнча маселени көтөрүүгө чакырганын түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Эмине Эрдоган өз катында Мелания Трамптын Орусиянын президенти Владимир Путинге украин жаңжалындагы балдардын абалы тууралуу жазган катын эске салып, бардык балдардын азап-кайгысына бирдей мамиле кылуу зарылдыгын белгилеген.
"Сиз көрсөткөн олуттуу сезимталдык... Газага да колдонулат деп ишенем", - деп жазылган анда.
Түркиянын биринчи айымы бул маселе боюнча аны Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен байланышууга чакырды.
Эске салсак, Аляскада Путин менен жолугушууда АКШ президенти Дональд Трамп ага жубайы Меланиянын балдарды коргоого чакырган катын тапшырган. Ал эми Вашингтондогу Ак үйдө болгон жолугушууда Украинанын президенти Владимир Зеленский Трампка жубайы Елена Зеленскаянын биринчи айым Мелания Трампка жазган катын тапшырган. Бирок анда эмне тууралуу жазылганы ачыкталган эмес.

