super.kg logo

Өзгөн шаарындагы жаңыланган борбордук стадион ачылды

 

Кечээ, 23-августта Өзгөн шаарында толук реконструкцияланган Ормонов Зулпукар атындагы Борбордук спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалымдалгандай, салтанатка УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, облус башчысы Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышкан. Ачылыш аземи чоң концерт менен коштолуп, жаңы стадиондо "Өзгөн" жана "ОшМУ" футболдук клубдары беттеш өткөрүштү.

Жаңыланган спорт комплекси эл аралык талаптарга ылайык курулуп, анда футбол талаасы, чуркоо жана волейбол аянтчалары, администрациялык имарат, медициналык пункт, ажаткана жана жуунуучу жайлар бар. Ошондой эле стадион толугу менен жарыктандырылып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.

"Стадион алгач 1968-жылы курулуп, 1998-жылы муниципалдык менчикке өткөрүлгөн. Эскирип калгандыктан, кайрадан толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен АРИС аркылуу каржыланып, жалпы баасы 141 миллион сомду түзүп, кошумча 53,5 миллион сомду Кыргыз футбол биримдиги бөлүп берди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: