super.kg logo

Индияда Дональд Трамптын сөлөкөтү өрттөлдү (видео)

 

Индиянын Нагпур шаарында Марбат фестивалынын катышуучулары АКШнын президенти Дональд Трамптын сөлөкөтүн өрттөштү. Бул тууралуу жергиликтүү The Live Nagpur басылмасы билдирди.

Быйылкы жылы фестивалга америкалык жетекчинин Индияга карата саясатына каршы нааразылык актысы да камтылган. Катышуучулар Индия товарларына 50 пайыздык алымдарды киргизүүгө каршылыгын билдиришкен.

Кээ бир интернет колдонуучулар Трамптын сөлөкөтү ага окшошпой калганын жазышууда. Алар белгилегендей, коштомо жазууларсыз Трамптын сөлөкөтүн башка адам менен чаташтырууга толук мүмкүн.

Марбат фестивалы диний майрам эмес, коомдук иш-чара болуп саналат. Ал "Idda Peeda Ghenun Ja Re Marbat" ("Биздин бардык кыйынчылыктарды жок кыл, эй, Марбат") урааны астында өткөрүлөт. Демек, бул иш-чара элдин кыйынчылыктардан кутулууга болгон умтулуусун чагылдырат.






24.08.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: