Зеленский Орусия менен аскер туткундарын алмашканын билдирди
Украина президенти Владимир Зеленский Орусия менен аскер туткундарын алмашканын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Бүгүн биздин жарандар үйүнө кайтып жатышат. Куралдуу күчтөрдүн, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери жана карапайым жарандар келишти. Алардын көпчүлүгү 2022-жылдан бери туткунда болушкан", — деп жазды Зеленский.
Анын айтымында, бул жолку алмашуу учурунда Украинага журналист Дмитрий Хилюк да кайтарылган.
Украина лидери өлкөгө канча жаран келгенин так айткан жок. Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги Москва менен Киев туткундарды "146га 146" формуласы боюнча алмашканын билдирген.
Зеленский өз билдирүүсүндө алмашууга ортомчу болгон Бириккен Араб Эмираттарына ыраазычылык билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.