Таиланд чет элдик туристтерге 200 миң акысыз авиабилеттерди таркатат
Таиланд сентябрдан ноябрга чейин 200 миң чет элдик туристке акысыз ички авиакаттамдарды сунуштоону пландап жатат. Бул тууралуу Laotiantimes басылмасы жазды.
Маалым болгондой, Таиланддын Туризм жана спорт министрлиги туристтерди өлкөнүн белгилүү шаарларынан сырткары, анча белгилүү эмес багыттарды изилдөөгө кызыктыруу үчүн атайын иш-чара уюштурууда.
Министрлик бул программа үчүн борбордук резервдик фонддон 700 миллион таиланд батын (болжол менен 21,5 миллион АКШ доллары) бөлүп берүүнү сунуштоодо. Ар бир жүргүнчү үчүн бир багытка 1750 бат (болжол менен 54 доллар), ал эми баруу-келүү үчүн 3500 бат (же 107 доллар) төлөнөт. Бул 200 миң туристке эсептелип, жалпысынан 400 миң орунду түзөт.
Акцияга Thai Airways, Bangkok Airways, Thai AirAsia, Nok Air, Thai Lion Air жана VietJet Thailand аттуу алты таиланддык авиакомпания катышат.
Туристтер эл аралык учууларды түз авиакомпаниялардан же онлайн-турагенттерден сатып алуу менен ички каттамдарга акысыз билет ала алышат.
