super.kg logo

Германиянын тышкы иштер министри: "Украина коопсуздук кепилдиктерин алышы керек"

 

Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Украинанын коопсуздук кепилдиктеринин аймагын кеңейтүү керектигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Украинага мүмкүн болушунча көп мамлекет коопсуздук кепилдигин бермейинче, Украинанын кандайдыр бир баш тартууну карап чыгышын күтүү – реалдуу эмес", — деп баса белгиледи Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль.

Анын айтымында, мындай кепилдиктер Европада тынчтыктын кайра орношуна негиз болушу мүмкүн.

Вадефуль коопсуздук кепилдиктерин Украинага Евробиримдикке мүчө өлкөлөр гана эмес, башка мамлекеттер, өзгөчө АКШ да бериши керек экенин айтты. Анын маалыматына ылайык, Жапонияны кошкондо 30га жакын өлкө Украинага колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкен.

Министр кошумчалагандай, мындай кепилдиктер Орусия үчүн коркунуч туудурбайт.

Буга чейин, 21-августта, АКШнын мурдагы президенти Жей Ди Вэнс билдиргендей, АКШ аскерлерин Украинага жиберүү пландалган жок, бирок Вашингтон Украинанын коопсуздугун камсыз кылууда активдүү роль ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: