Макрон Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн казак тилинде жазды
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн казак тилинде маалымдады. Бул тууралуу ал Х социалдык тармагында жарыялады.
"Биз 2023-жылдын ноябрында Казакстанга болгон сапарымдан жана өткөн жылдын ноябрында президент Токаевдин Францияга болгон мамлекеттик сапарынан кийин өз ара стратегикалык өнөктөштүктү, өзгөчө транспорт жана энергетика тармагын чыңдоону талкууладык.
Ошондой эле, эл аралык кырдаал боюнча тагыраагы, Орусиянын Украинага каршы согушу жана Борбордук Кавказдагы улантылып жаткан сүйлөшүүлөрү жөнүндө сүйлөштүк", — деп жазды Макрон.
Буга чейин Астана француз тараптын демилгеси менен Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Франция президенти Эммануэль Макрондун телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган.
