Ысык-Көлдө "Жандын жел кайыктары" эл аралык фестивалы болуп жатат (видео)
Учурда Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Орбита" эс алуу базасында "Жандын жел кайыктары" аттуу эл аралык фестиваль болууда. Аталган иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп, 17-августта башталды жана 27-августка чейин уланмакчы. Бул фестиваль ар улуттагы жана ар кандай физикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ адамдарды бириктирип, Орусиядан, Кыргызстандан, Казакстандан, Түркиядан, Латвиядан жана Египеттен келген катышуучуларды чогултууда.
Иш-чара Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин жана Орусиянын атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясы "Росатомдун" колдоосу менен ишке ашырылууда.
Долбоор 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Максаты - инклюзивдүү яхтингди өнүктүрүү аркылуу адамдардын өзгөчө таланттарын ачуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо. Инклюзивдүү яхтинг - бул майыптыгы бар адамдар менен ден соолугу чың адамдар чогуу катышкан парустук спорт же эс алуу үчүн яхта менен сүзүү.
Иш-чарада катышуучулар тримарандарды (үч корпустуу сүзүүчү кеме) жана кайыктарды башкарууну үйрөнүп, мастер-класстарга, экскурсияларга, концерттерге жана коомдук талкууларга катышып жатышат.
Негизги катышуучулар:
- Олег Колпащиков – долбоордун жетекчиси жана АНО "Белая Трость" президенти, 100дөн ашык инклюзивдүү демилгелердин автору.
- Виктор Клоков – яхта капитаны жана долбоордун негиздөөчүсү.
- Юрий Александров – Сургуттагы "Всероссийское общество инвалидов" уюмунун төрагасы.
Ошондой эле Египеттен паратаэквондо боюнча чемпион Мухмин Аббас, Түркиянын көзү начар көргөндөр федерациясынын вице-президенти Арслан Дурсун катышып жатышат.
Кыргызстандык белгилүү спортчу Мирбек Валиев да катышуучулардын арасында. Ал – таэквондо боюнча көп жолу республикалык чемпиондуктун байге ээси жана Азия чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (2019).
Долбоордун философиясы:
Бул жылы өтүп жаткан фестивалдын негизги темасы – "Өз ара байытуу жолу". Бул тажрыйба, билим жана ресурстар менен бөлүшүү аркылуу өнүгүүгө болгон кадам.
"Жандын жел кайыктары" жана "Росатом" мамлекеттик жана бизнес секторлорунун өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгарып, коомду өзгөртүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана ар бир катышуучуну дем берүүгө шарт түзүүдө.
Фестивалдын расмий ачылышы 23-августта болуп өттү. Салтанаттуу ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Казакстан Парламентинин VIII чакырылышынын Мажилис депутаты Ирина Смирнова жана Кенжегул Сейтжан, Өзбекстандын Олий Мажлисинин депутаты Жасур Жумаев, Кыргызстандагы "Росатом" кеңсесинин башчысы Дмитрий Константинов, Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Кыялбек Райымбеков, уюштуруучулар, катышуучулар жана ыктыярчылар катышышты.
Ачылыш аземинен кийин ар түрдүү мастер-класстар жана инклюзивдүү регата уюштурулду. Ошондой эле 3 коңшу өлкөнүн депутаттары катышкан регата жарышы болду.
Кечээ, 24-августта иш-чаранын жабылуу аземи концерттик программа менен коштолу. Депутаттар катышкан регата жарышынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Калыстар тобунун чечими менен инклюзивдүү регата жарышынын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
- 3-орун Казакстан Парламентинин депутаты Кенжегул Сейтжан
- 2- орун Өзбекстандын Олий Мажлисинин депутаты Жасур Жумаев
- 1-орун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана алардын командалары.
Муну менен иш-чара жыйынтыкталган жок, 27-августка чейин уланат. Мындай кызыктуу жарышка катышып, күч сыноону каалагандар үчүн эшик ачык.
Жынытыктап айтканда, "Жандын жел кайыктары" долбоору - бул спорт менен гана чектелбеген, маданий жана достук баалуулуктарды чыңдаган эл аралык аянтча. Достук мамилелер түзүлүп, жаңы идеялар жаралат жана ар бир катышуучу чоң окуянын бир бөлүгү болот.
Жандын жел кайыктары

