super.kg logo

"Жарым акчасын алып турган". Бишкекте сойкукана уюштуруучусу кармалды (видео)

 

Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде сойкулук менен алектенүүчү жай уюштурган аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ШИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1965-жылы туулган Ж.Г. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Мындан тышкары, сойкулук менен алектенип жаткан кыздар аныкталып, аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-2-беренеси менен (Сойкулук менен алектенүү) административдик протоколдор түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, кыздардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, интимдик кызмат көрсөтүүдөн алынган акча каражатынын 50 пайызын уюштуруучу алып турган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери улантылууда.






видео

видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: