super.kg logo

Кытай дипломаты Шанхай кызматташтык уюму кеңейиши мүмкүн экенин билдирди

 

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жаңы өлкөлөр кошулушу мүмкүн. Бул тууралуу Кытай элчиси Чжан Ханьхуэй билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Дипломаттын айтымында, учурда бир нече мамлекет ШКУга кирүү же уюм менен кызматташтыкты бекемдөө ниетин билдирүүдө. Бул уюмдун концепциясын терең түшүнүп, анын өнүгүүсүнө ишеним бар экенин көрсөтүп турат.

Чжан Ханьхуэй белгилегендей, уюм ар дайым жаңы мүчөлөр үчүн ачык, ошондуктан келечекте ШКУнун курамы сөзсүз кеңейет.

Эске салсак, 22-августта ШКУнун Тяньцзинь (Кытай) шаарында өтө турган саммитине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армениянын лидерлери, Орусия менен Беларустун президенттери, Индиянын премьер-министри, Иран менен Түркиянын өлкө башчылары жана башка саясатчылар чакырылган.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы эл аралык уюм болуп түзүлгөн. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Беларус өлкөсү мүчө.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: