Ооганстанда соттолгондорго жана камкорчусу жок балдарга паспорт берүүгө тыюу салынды
Ооганстанда паспорт ала албай турган адамдардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Khaama Press басылмасы жазды.
Паспорт башкармалыгы жаңы жоболорду киргизип, ага ылайык соттолгон адамдарга, камкорчусу жок балдарга жана төлөнбөгөн карызы же башка милдеттенмелери бар адамдарга чет өлкөгө чыгууга жана паспорт алууга тыюу салынды.
"Биометриялык системалар жана маалымат базалары аркылуу чет өлкөгө чыгууга тыюу салынгандарга автоматтык түрдө паспорт берилбейт", -деп айтылат маалыматта.
Агенттиктин билдирүүсүнө караганда, буга чейин бардык жарандар паспорт алууга укуктуу болгон, чектөөлөр болсо айрым кылмыш иштерине гана колдонулган.
Ооганстанда негизги жеке документ болуп "тазкира" эсептелет, аны калктын басымдүү бөлүгү колдонот. Ал эми паспорт болсо чет өлкөгө чыгуу үчүн керектелет.
