super.kg logo

Вьетнамда тайфундан улам 600 миң адам эвакуацияланууда

 

Бүгүн, 25-августта Вьетнам бийлиги өлкөгө сокку уруучу «Кадзики» тайфунуна байланыштуу бир нече провинциядан 586 миң адамды эвакуациялоону жарыялады. Бул тууралуу CNBC агенттиги кабарлады. Башка аймактардын тургундарына тайфундун негизги фронту өтүп кеткенге чейин үйдөн чыкпоо сунушталды.

«Кадзики» тайфуну 20-августта Филиппинге жакын деңизде пайда болгон. Азыр ал бат ылдамдык менен Кытай жана Вьетнам тарапка жылууда. Тайфундун ичинде шамалдын ылдамдыгы саатына 200 километрге чейин жетет. Синоптиктердин божомолунда, тайфун 25-августта эртең менен Вьетнамдын жээгине жетип, бул сел жана жер көчкү коркунучун жаратат. Шамалдын күчүнөн жээктеги толкундардын бийиктиги 2–4 метрге жетиши мүмкүн.

Аймакта жүргөн 60 миңге жакын майда кайык жана кеме тайфун боюнча алдын ала эскертүү алышты.

Адистердин баамында, «Кадзики» тайфуну 300 миң гектардай күрүч аянттарына жана 77 миңдей жемиш бактары отургузулган плантацияларга зыян келтириши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: