"Останкинодо" журналисттердин эфирге кие турчу 30 миңден ашуун костюмдары бар (фото, видео)














АНО "Евразия" "Узнай Россию" программасынын алкагында Кыргызстандан журналисттери, блогерлери Москвадагы эң ири медиакомплекс болгон "Останкино" телеборборуна экскурсияга барды. Алардын арасында SUPER.KG порталынын кабарчысы Айсулуу Урустамова да бар.
Журналисттер телеборбордун ичинен анын тарыхы менен жакындан таанышып, иштөө тартибин, заманбап техникасын, монтаж, түз эфирлерин көрүп чыгышты.
Алсак, бир студияда бир программаны тартуу үчүн 15 камера керектелет. Ошондой эле, "Жить здорово" программасы айына 3 гана күн тартылып, бир күндө 8 чыгарылыш даярдалат. "Останкинодо" алып баруучу, журналисттердин эфирге кие турчу 30 миңден ашуун костюмдары бар. Ал эми "Жить Здорово" программасына келген коноктор сайттан алдын ала жазылып келишет. Алар бир күн кечке көрүүчү болуп отуруп берет, бул бекер эмес, аларга 1000-1500 рубль акча каражаты төлөнөт.
"Поле чудес" программасынын өзүнүн музейи ба,р ал жакта тапшырылган белектер сакталган. Бул программа тартылчу студия ар бир берүүдө жасалат. Тартылып бүткөндөн кийин кайра башка программа тартылышы үчүн студия бошотулат.
"Спокойной ночи, малыши" түнкү программасын баарыбыз эле билсек керек. Ал мектепке чейинки жана башталгыч мектеп жашындагы балдарга арналган программа. Бул программа 1964-жылдын 1-сентябрынан бери эфирге чыгып келе жатат. Азыр ал орус телевидениесинде көрсөтүлүп жаткан эң эски телепрограммалардын бири.
Хрюша, Степашка, Филя жана Каркуша- телепрограммасынын башкы каармандары. 2024-жылы 1-сентябрда телепрограмма 60 жашка толгон. Бул студияны журналисттер суктануу менен көрүп чыкты.
Мындан тышкары, ЖМК өкүлдөрүнө "НТВ" каналынын "Сегодня" берүүсү тартыла турчу студия көргөзүлдү. Журналисттер аталган телепрограмманын алып баруучусу Игорь Полетаев менен жолугуп, суроолорун беришти.
Маалым болгондой, "Останкино" телеборбору — бул дүйнөдөгү эң ири телерадиоберүү борборлорунун бири. Ал Москва шаарында, телеиндустриянын жүрөгү болуп эсептелет. Анын курулушу 1960-жылы башталып, расмий түрдө 1967-жылы 1-сентябрда ишке берилген. Телеборбордо миңдеген кызматкерлер иштейт. Ондон ашык чоң телестудиялар бар. "Останкинодогу" берүүлөр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө таратылат.
Мындай тажрыйба алмашуу, окуу практикалары журналисттердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк түздү.
Журналисттер
