Бүгүн Жеңиш чокусунда калган Наговицинанын жайгашкан жерине дрон жөнөтүлөт
Бүгүн, 25-августта орусиялык альпинист Наталья Наговицинанын жайгашкан жерине дрон жөнөтүлөт. Бул тууралуу Орусиянын Альпинизм федерациясынан билдиришти.
Федерация өкүлү билдиргендей, 25-августта жакшы аба ырайы күтүлүп жаткандыктан, дронду жөнөтүп, Наговицинанын абалын тактоого мүмкүнчүлүк болот.
Эгер анын тирүү экени аныкталса, аны куткаруу иш-чаралары уюштурулат. Ошондой эле Наговицинаны бийиктиктен евродрон аркылуу түшүрүү боюнча дагы бир аракет жасалышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, Наталья Наговцина 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырган. Ал болжолдуу 7140 метр бийиктикте калган. Башында куткаруучулар альпинистке 2-3 күндүн ичинде жетүүнү пландашкан, бирок кийин 5 күнгө узартылган.
16-августта куткаруу иштерине барган Коргоо министрлигине караштуу Ми-8 тик учагы аба ырайынын татаалдыгынан кырсыкка учурады. Экипаж мүчөлөрү жаракат алып, алар Караколго жеткирилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар тобу ага жөнөтүгөнүн билдирип, 24-августта Наталья Наговцинага жетип барышарын белгилеген. Бирок 23-августта ӨКМ куткаруу иштери толугу менен токтотулганын кабарлаган. Буга аба ырайынын кескин төмөндөшү жана куткаруу тобунун жетекчисинин жаракат алып калышы себеп болгон.
