Апасы иштегени шаарга кеткен... Ысык-Атада 4 жашар кыздын зордукталганы айтылды
18-августта Ысык-Атада 4 жашар кыз жакын тууганы тарабынан зордукталган. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү билдиргенин Акыйткачы институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, кыздын ата-энеси ажырашып кеткендиктен, аял балдарын Ысык-Атага туугандарына таштап, Бишкекке иштегени кеткен. Кызга зомбулук көрсөткөн өспүрүм TikTok социалдык баракчасынан көргөндөрүн туурап 4 жашар кызга сексуалдык зомбулук көрсөткөнүн айткан.
Наристе Ысык-Ата райондук ооруканасынан кароодон өтүп, ага зомбулук болгону аныкталган.
Кыздын апасы окуя тууралуу уккандан кийин микроинсульт алып Ысык-Ата райондук ооруканасына жаткырылган, кийинчерээк шаарга которулганы маалым болду.
Наристенин апасы милицияга арыз жазуудан баш тарткан. Ошого байланыштуу Ысык-Ата районунун үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамдуу өкүлү катары дайындалган.
Ысык-Ата РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) 4-бөлүгү менен иш козгоп, наристеге зомбулук көрсөткөн өспүрүмдү 18-август күнү кармаган.
Учурда, Ысык-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы баланы коргоо боюнча жекече планынын негизинде иш алып барууда. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылына турганы айтылды.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева балдар менен иш алып барган мамлекеттик органдарды профилактикалык иш-аракеттерди күчөтүүгө чакырып, ата-энелерди балдардын уюлдук телефондо эмне көрүп, кандай убакыт өткөрүп жатканына көңүл бурууга үндөдү.

