Кыргыз азык-түлүктөрү сатылган Москвадагы "Евразия" дүкөнү (сүрөт)











Кыргызстандык журналисттер Москванын борборундагы Кыргызстандын продукцияларын саткан “Евразия” дүкөнүнө барышты.
"Евразия" дүкөнү Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн товарларын бириктирген биринчи дүкөн болуп саналат.
Дүкөн 2024-жылдын 17-сентябрында ачылган. Бүгүнкү күндө тогуз өлкөнүн жогорку сапаттагы товарлары бар. Ал эми жакында 17-сентябрда интернет-дүкөндү ишке киргизет.
Дүкөндө баалар орточо деп белгиленет. Москвада жашаган мекендештер Кыргызстандын продукциясын сагынганда кирип сатып алып турушат.
"Бизге кардарлардын кеңири чөйрөсү — москвалыктар, борбордун коноктору, туристтик топтор келет. Анткени ар бир адам өз мекенинин бир нерсесин тапкысы келет, өзгөчө, үйдөн алыс болгондо. Адамдар тааныш азыктарды көрүп кубанып, аларды бул жерден сатып алат. Көздөрү жаркырап турганын көп көрөбүз. Элге мекенинин бир үзүмүн тартуулоо биз үчүн өзгөчө кубаныч.
"Евразия" кыргыз азыктарынын кеңири тандоосун сунуштайт: кычкыл сүт азыктары, кыям, курут, томат пастасы, консервалар, энергетикалык суусундуктар, минералдык суулар, тоңдурулган мөмө-жемиш аралашмалары. Бул жерде иштеп, мен бардык азыктарды сынап көрдүм. Анткени биз кардарларга сунуштайбыз. Жеке мага Кыргызстандан "Лаза Жгучая" консервалары абдан жагат - анын курамында томат пастасы жок жалаң табигый помидор бар. Ал өзгөчө кышында алмаштырылгыс", - деди дүкөндүн сатуучусу Алена Жосан.
"Евразия" дүкөнү Москванын борборунда, тагыраагы, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын маңдайында Смоленская көчөсүндө жайгашкан.


