Өзгөндө 100 гектардан ашык жерди трансформациялоо ишке ашпай калды





УКМК Ош облусунун Өзгөн районунда 103,9 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялоонун алдын алды.
Маалымат борбору кабарлагандай, президенттин "Жер мунапысынын" алкагында мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча тапшырмасын негизинде "Жер мафиясы" атыккан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Аталган кылмыштуу топ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасалма токтомдорунун негизинде Өзгөн районунун Баш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон айылынын аймагынан жалпы аянты 103,9 гектар айыл чарба жерлерин "калктуу конуштардын жерлери" категориясына мыйзамсыз трансформациялоо боюнча аракеттенишкен.
Учурда Өзгөн районунда жер тилкелердин орточо базар баасы 1 миллиондон 3 миллион сомго чейин наркты түзүүдө.
Өз убагында көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында мамлекетке болжол менен 3-4 миллиард сомдук зыян келтирүүнүн алды алынды.
Тергөө жана текшерүү иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:47
2025-08-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.