Жеңиш чокусуна жиберилген акыркы тик учак да кайтып келди
Кечээ, 24-августта Ысык-Көл облусундагы Жеңиш чокусунда калган орусиялык альпинистти алып түшүү, башка туристтерге жардам берүү максатында жиберилген Авиациялык ишканасынын Airbus Н-125 үлгүсүндөгү тик учагы кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, тик учак менен жардам берүү үчүн барган чет өлкөлүк тажрыйбалуу учкуч, альпинист-куткаруучу, инструктор Каркырадагы базада 2 күн болушту. Бирок Жеңиш чокусу жайгашкан аймакта аба ырайы кескин төмөндөп, учууга тоскоолдук жараткандыгына байланыштуу кайтып келди.
Ошондой суук эрте түшүп, чокуга көтөрүлчү альпинисттер Каркырадагы негизги базасына көчүп келди.
Эскерте кетсек, 12-августтан бери Орусиянын жаранын куткаруу иштери жүрүп майнап, чыккан жок.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жеңиш чокусундагы кырдаалды көзөмөлдөп, туристтик компания менен тыгыз байланышып турду.


