super.kg logo

Балыкчыда бокс тренери окуучулары менен күзөтчүнү сабап салган окуя катталды

 

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы эс алуу борборлорунун кароолчусун сабап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн 25-августта УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, топ адамдар тарабынан кол салуу жана ур-токмокко алуу фактысы боюнча бокс боюнча машыктыруучу Б.Б. аттуу жаран кармалды. Ал 7-июлда Балыкчы шаарындагы "Грин Сити" борборунда бокс боюнча эл аралык турнирдин жүрүшүндө жашы жете элек окуучулары менен күзөтчүгө кол салышкан.

Такталгандай, жабырлануучу буга чейин РИИБге арыз менен кайрылганын, бирок милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамдуу жооп болбогондугун билдирген.

Азыркы учурда УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, Б.Б. жана анын окуучулары Д.Д., К.У., А.Т., С.А., Т.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: