super.kg logo

Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионунун курулушу аяктап калды

 

Бүгүн, 25-августта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Суу районуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу шаарында курулуп жаткан “Манас” стадионунда болуп, жүрүп жаткан курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Маалыматка ылайык, стадиондун курулушу 90 пайызга аяктап, негизги конструкциялар жана футбол талаасы даяр болгон. Стадион 5000 орунга ылайыкталып, үстү жабылат. Мындан тышкары стадион түнкү жарыктандыруу, заманбап жуунуучу жана кийим алмаштыруучу жайлар, чуркоо тилкеси менен камсыз болот.

Жантаев стадиондогу иштер менен таанышып, подрядчы уюмдарга жана жергиликтүү жетекчилерге бардык курулуш иштерин долбоорго ылайык толук бүтүрүү тапшырмасын берип, стадионду ишке берүү, салтанаттуу ачылышына карата даярдык көрүү иштерин талкуулады.

Белгилей кетсек, “Манас” стадионунун курулушуна жалпысынан 274 миллион сом каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: