Дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев өлкөгө кайтып келди
Бүгүн, 26-августта 20 жашка чейинкилер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон Жантөрө Мирзалиев өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирип, видео бөлүштү.
Белгилей кетсек, спортчу Болгариянын Самоков шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 67 килограмм салмак ченинде күч сынашып, алтын медаль тагынган.
Мирзалиев биринчи беттешинде беларус балбаны Ихар Зварыкинди 9:0 эсебинде, 1/8 финалында швейцариялык Робин Бруннерди 8:0 эсебинде, чейрек финалда ирандык балбан Хоссейн Абдовалини 5:3 эсебинде, жарым финалда өзбекстандык Фаёзбек Эшмирзаевди 5:1 эсебинде жеңди. Ал эми чечүүчү беттеште орусиялык Эрза Закриевди 3:2 эсебинде утуп алды.
26.08.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:49
2025-08-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.