super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт башчы өлкөдө 2 ГЭС куруларын билдирди

 

Кечээ, 25-августта Бишкектин Турдакун Усубалиев атындагы аянтында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине, Ички иштер министрлигине жана башка бир катар ммлекеттик органдарга жаңы унаалардын ачкычтарын тапшырды.

Анда Касымалиев Энергетика министрлигинде реформалар, өзгөрүүлөр болуп жатканын билдирди.

“Кыргызстандын энергетикасы мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Мисалы, 2021-жылы энергетика тармагына 14,8 миллиард сом бөлүнсө, 2024-жылы капиталдаштыруу менен бирге 91,3 миллиард сом бөлүндү. Атайын техникалардан тартып катардагы кызматкерлерге чейин чоң көңүл бурулуп жатат. Мамлекеттик, ал түгүл Борбор Азия масштабындагы ири долбоор Камбар-Ата-1 ГЭСи башталды. Токтогул ГЭСинин акыркы гидроагрегаты реконструкцияга жөнөтүлдү. Ат-Башы ГЭСинин төрт гидроагрегаты алмаштырылды. Үч-Коргон ГЭСинин 3-агрегаты модернизацияга берилди.

Камбар-Ата-2 ГЭСтеринде жаңылоо иштери башталды. КАСА-1000 долбоору аягына чыкты. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкө боюнча быйыл 18 чакан ГЭС ишке кирет. Мына ушундай бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, энергетика тармагы мамлекеттин колдоосуна жана катуу көзөмөлүнө алынгандыктан, электр энергиясындагы жоготуулар жылдан жылга азайып баратат",- деди ал.

Өкмөт башчы ошондой эле мамлекет инвесторлор үчүн жагымдуу өлкөгө айланганын, анын натыйжада ири каражаттарды жумшоого даяр инвесторлор келе баштаганын белгиледи.

“Энергетика тармагында Казарман жана Суусамыр-Көкөмерен каскаддарын курууга боордош Түркия мамлекетинин ишкерлери кызыкдарлыгын билдирип, ага ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы "Борбор Азия Инвестициялык Холдинг" компаниясы түзүлгөн. Каскаддардын жалпы кубаттуулугу 2200 мегаватты түзөт. Инвестор инвестиция катары 6 миллиард доллардан ашык каражатты салууга кол койду”,- деди Касымалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: