Бишкек мэри Денис Петрашов менен машыктыруучусуна сыйлыктарды тапшырды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев белгилүү кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана анын машыктыруучусу Евгений Петрашов менен жолукту. Бул тууралуу калаа бийлиги билдирди.
Маалымдагандай, шаар башчысы спортчуну эл аралык аренадагы жетишкендиктери менен куттуктап, спорттук карьерасында жаңы ийгиликтерди каалап, машыктыруучусуна чемпионду жогорку деңгээлде даярдаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Шаарыбызда сиздер сыяктуу спортчулардын болушу абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө биз спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чоң аракеттерди көрүп жатабыз. Мэриянын негизги багыты – жаш таланттарды колдоо жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды жана заманбап базаны түзүү",- деди Жунушалиев.
Машыктыруучу Евгений Петрашовго мэриянын Ардак грамотасы тапшырылса, Денис Петрашовго мэриянын баалуу кол сааты тартууланды.
Денис Петрашовдун акыркы жетишкендиктери:
- 2025-жылдагы дүйнө чемпиондугунда (Сингапур) коло медаль;
- TYR Pro Swim Series (АКШ, Флорида) мелдешинде үч алтын медаль;
- АКШдагы (Сакраменто) экинчи наамы жана алтын медаль;
- 2025-жылдагы Универсиадада (Германия) алтын медаль.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















