super.kg logo

Венесуэла Колумбия чек арасына 15 миң коопсуздук кызматкерин жайгаштырат

 

Венесуэланын ички иштер, адилет жана тынчтык министри Диосдадо Кабелло Колумбия менен чек ара өткөрмө пункттарын коопсуз кылуу максатында 15 миң аскер жана полиция кызматкери жайгаштырыла турганын билдирди.

Мамлекеттик телеканалга берген маегинде Кабелло, Колумбия чек арасындагы Зулия жана Тачира штаттарына коопсуздук күчтөрү жайгаштырыларын айтты.

"Аскер жана полициядан турган 15 миң кызматкердин жайгашуусу дароо башталат. Бул жайгашуу Тачира чек арасына чейин жетет. Колумбия өкмөтүнөн да чек аранын бардык тилкесинде тынчтыкты камсыз кылуусун талап кылабыз",- деди ал.

Ал чек арада мыйзамсыз иш-аракеттерге жол берилбей турганын баса белгиледи.

"Биздин бөлүктөр өлкөнүн бардык жеринде жайгашкан жана милдеттерин аткарып жатышат. Максаты – венесуэлалыктардын тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу болот. Бул - ар кандай кырдаалга ыкчам жооп берүүчү натыйжалуу согуштук бөлүк",- деп кошумчалады ал.

Кабелло акыркы операцияларга да токтолду.

"Операциялардын жүрүшүндө 480ден ашуун узун жана кыска ок атуучу куралдар алынган. Биз баңгизатка каршы тамырынан күрөшүп жатабыз, убактылуу эмес. Бул жылы эле 52 тоннадан ашуун баңгизат алынды",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: