super.kg logo

Ли Чжэ Мён Трамп менен жолугушууда Зеленскийдин тагдырын кайталоодон коркконун айтты

 

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда Украинанын лидери Владимир Зеленскийдин тагдырын кайталоодон коркконун айтты. Бул тууралуу Түштүк Кореянын лидери Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун форумунда сүйлөп жатып билдирди

Ли Чжэ Мён белгилегендей, жолугушууга чейин Трамп Түштүк Кореядагы "тазалоолор" тууралуу билдирүү жарыялаган. Ошондой эле жолугушуу маалында Трамп Түштүк Кореяда жайгашкан америкалык аскер базаларындагы тинтүүлөрдү да эскерген. Ушул окуялардан улам Ли Чжэ Мёндун администрациясы Зеленскийдин тагдыры кайталанышы мүмкүн деп кооптонгон.

"Бирок мен мындай жагдайга туш болбойм деп билгем. Анткени мен Трамптын “Соодалашуунун искусствосу” деген китебин окугам",- деп билдирген Ли Чжэ Мён.

Түштүк Корея менен АКШ президенттеринин жолугушуусу Вашингтондо өткөн. Бул - Ли Чжэ Мёндун президенттик кызматка келгенден бери АКШга болгон алгачкы жумушчу сапары.

Жолугушуу учурунда Трамп Түштүк Кореядан республикада ижарада турган америкалык аскер базасын АКШнын менчигине өткөрүп берүүнү суранган. Ошол эле учурда ал Түштүк Кореядагы америкалык аскер контингентин кыскартуу мүмкүнчүлүгү боюнча суроого жооп берген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: