super.kg logo

Дональд Трамптан санариптик кызмат салыгын киргизген өлкөлөргө эскертүү

 

АКШнын президенти Дональд Трамп санариптик кызмат салыгын киргизген өлкөлөргө бул чараларды токтотпогон учурда кошумча тарифтерди киргизерин жана АКШнын жогорку корголгон технологиялары менен чиптеринин экспортун чектээрин билдирди. Трамп бул тууралуу социалдык медиа баракчасына жазды.

Ал АКШнын технологиялык компанияларына "чабуул жасаган" өлкөлөргө каршы турарын белгилеп, санариптик салыктар, санариптик кызматтар боюнча мыйзамдар жана санариптик рынокту жөнгө салуу чаралары америкалык технологияга зыян келтирүү же ага карата басмырлоо максатында иштелип чыкканын айтты.

Трамп ошондой эле бул чаралар Кытайдын эң ири технологиялык компанияларына эч кандай тоскоолдук жаратпаганын айтып, мындай абалдын токтотулушу зарыл экенин белгиледи.

"Санариптик салыктарды, мыйзамдарды, эрежелерди же жөнгө салууларды киргизген бардык өлкөлөргө билдирем: бул басмырлоочу чаралар алынып салынмайынча, АКШга болгон экспортко олуттуу кошумча тарифтерди киргизем жана жогорку коргоо астындагы технологиябыз менен чиптерибизге экспорттук чектөөлөрдү киргизем. Америка жана биздин таң каларлык технологиялык компанияларыбыз эми дүйнөнүн "акча кутусу" же "шыпыргысы" эмес. Америкага жана биздин технологиялык компанияларга урмат көрсөтүңүздөр, болбосо кесепеттерине даяр болуңуздар",- деп жазылган АКШ президентинин билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: