super.kg logo

Мексикада бир саатта 13 миң тако даярдалып, Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди (видео)

 

Мексикадагы фестивалда бир сааттын ичинде 13 миңден ашуун тако даярдалып, бул көрсөткүч Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Гуадалупе шаарында La Discada 2025 аттуу ири гастрономиялык фестиваль өттү.

Фестивалдын алкагында 100дөн ашуун ашпозчу-студенттен турган команда Түндүк Мексиканын ашканасында кеңири таралган эттүү "Дискада" деген тамакты даярдашты. Жасалган азык 7 метрлик чоң табада бышырылды. Анын жалпы салмагы 2509 килограмм болуп, бул дагы өзүнчө рекорд катары катталды.

Иш-чаранын соңунда фестивалдын уюштуруучулары эт аралашмасын мурда даярдалган миңдеген тортильяларга салып, келген конокторго таратышты. Жалпысынан бир саат ичинде 13 215 даана тако даярдалды.

Тако - бул мексикалык улуттук тамак, негизинен жүгөрү же буудай унунан жасалган жука нанга (тортильяга) ар кандай азыктарды салуу менен даярдалат. Тортилья экиге бүктөлүп, анын ичине эт, деңиз азыктары, жашылча, сыр сыяктуу түрдүү азыктар кошулат.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: