Эң чоң, эң узун, эң даамдуу! Дүйнөнүн кызыктуу кулинардык рекорддорун тизмектейбиз
Адамдын тамак-ашка болгон сүйүүсү менен чыгармачылыгы бириккенде, укмуштуудай кулинардык рекорддор жаралат. Дүйнөнүн булуң-бурчунда ашпозчулар эң чоң торттон тарта, эң узун колбасага чейин түркүн даамдарды даярдап, Гиннес рекорддор китебине кирүү үчүн өз өнөрлөрүн көрсөтүп келишет. Бул рекорддор - жөн гана чоң өлчөм эмес, бул тамак-аш маданиятынын күчү, биримдик, кайрымдуулук жана кыялды ишке ашыруунун символу. Төмөндө дүйнө жүзүндөгү эң таасирдүү жана таң калыштуу кулинардык рекорддор менен тааныштырабыз.
2018-жылы 11-мартта Ак калпак күнүнө карата Бишкек шаарында жалпы салмагы 1464 килограмм болгон бешбармак даярдалып, ал расмий түрдө Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген. Бул рекорд 2015-жылы Астанада орнотулган 736,5 килограмм салмактагы мурунку рекордду жаңырткан.
Мындай чоң көлөмдөгү тамакты бышыруу үчүн 150 литрлик 12 казан коюлган. Бешбармакка 650 килограмм эт жана 700 килограмм кесме (лапша) алдын ала даярдалган. Тамак Нарындын рецептине ылайык жасалган.
Бүгүнкү күндө Бишкектеги айрым кафелерде бешбармактын 6 түрүнөн даам татууга болот.
Италия дүйнөдөгү эң чоң пиццанын мекени экени талашсыз. Беш ашпозчу классикалык "Маргарита" пиццасын бышырышып, анын диаметри 40 метрди түзгөн. Жалпы аянты 1208 чарчы метрге жеткен. Мурдагы рекорд Түштүк Африка Республикасына таандык болчу. Анда 1990-жылы 37 метр өлчөмүндөгү пицца бышырылган. Италиялык ашпозчулар бул рекордду жеңип, Гиннесстин рекорддор китебине кирген.
Пиццаны даярдоо үчүн 8 892 килограмм ун, 3 991 килограмм помидор пастасы жана болжол менен 8 тонна моцарелла пайдаланылган. Даяр пицца 16 тоннадан ашык салмакка ээ болгон. Ошондой эле, пицца үчүн 680 килограмм маргарин, 249 килограмм туз, 190 килограмм өсүмдүк майы жана 23 килограмм бальзамик уксусу талап кылынган. Италиялык ашпозчулар бул пиццаны бышыруу үчүн 48 саат токтобой иштешкен. Пицца 5234 бөлөк өзүнчө даярдалган кесимдерден курулган.
"Чоң Жер Орто деңиз майрамы" фестивалынын алкагында Түркиянын Адана шаарында дүйнөлүк рекорд жаңыртылган. Сейхан дарыясынын жээгинде чоң мангал орнотулуп, Гюль Кыстактын жетекчилигиндеги ашпозчулар 500 килограмм эттен 233,67 метрлик узундукта шишкебек даярдашкан.
Бул иш-чара жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтердин чоң кызыгуусун туудурган. Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрү шишкебектин узундугу мурдагы Кытай ашпозчуларынын 194,5 метрлик рекордун жаңылаганын тастыкташкан. Ошентип, бул шишкебек дүйнөдөгү эң узун даярдалган шишкебек болуп калган.
Екатеринбургдагы япон ашканасы дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине эң узун ролл жасоо боюнча рекорд жаңырткан. Роллду жаратуу идеясы алгач 2011-жылдын жайында пайда болгон. Андан кийин уюштуруучу Гиннес рекорддор китебине расмий арыз менен кайрылган. Мурунку рекордду Япониянын Маебаши шаарындагы япон почта кызматкерлеринин кеңеши 2007-жылы 22-апрелде орнотуп, роллдун узундугу 2,033 чакырым болгон.
Ал эми Орусияда жасалган роллдун жалпы узундугу 2,521 чакырым 74 сантиметр болгон. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, бул ролл дүйнөдөгү эң бийик имарат - Дубайдагы Бурж-Халифадан (828 метр) үч эсеге, эң узун кемеден Knock Nevis (466 метр) беш эсеге жана дүйнөдөгү эң бийик Будда статуясынан (183 метр) 13 эсеге узун.
Бул иш-чарага болжол менен 15 саат убакыт кеткен. 60 ашпозчу катышып, 1,5 тоннадан ашык күрүч, 14 миң нори барагы, 23 килограмм кунжут колдолулган.
Кытайда 2010-жылдын 21-январында таттуу момпосуйдан жасалган мозаика Гиннесстин жаңы дүйнөлүк рекордун орноткон.
Бул момпосуйдан жасалган мозаиканын жалпы аянты 48 чарчы метрди түзүп, мурунку рекордду жаңырткан. Иш-чараны Jelly Belly Candy Company жана Пекиндин Дүйнөлүк соода компаниясынын Принци Шанхайдагы уюштурган.
Мозаиканын өлчөмү 12 метр узундукта, 4 метр кенендикте болгон. Ага 700 килограммдан ашык момпосуй колдонулган.
Мозаика 2010-жылдын Шанхайдагы Экспо темасын чагылдырып, кытай тилинде “Эң мыкты шаар, эң жакшы турмуш” деген жазууну камтыган.
Дүйнөдөгү эң узун барбекю же уругвайлыктардын айтышы боюнча, "эль Асэдо Мас Гранде Дель Мундо" - таң калыштуу 1493,2 метрге жетти. Бул асадо жылдыз формада курулуп, 2008-жылдын 13-апрелинде Монтевидео шаарындагы даярдалган. Уюштуруучулар белгилегендей, бул таң калыштуу рекорд 1250 мангалда бышырылган чыгармачылык кулинардык көндүмдөрдүн натыйжасы болгон. Ашпозчулар биргеликте болжол менен 12 000 килограмм түштүк америкалык кызыл этти даярдаган.
2016-жылы Хорватияда дүйнөдөгү эң чоң Сobanac шорпосу бышырылып, Гиннес рекорддор китебине киргизилген. Сobanac - Хорватиянын чыгыш аймагынын негизги салттуу тамагы. Ал ачык отто, чоң казанда, көбүнчө эки түрдүү эттен жана кызыл вино кошулуп даярдалат.
Ашпозчу Денис Шоштарич жана анын 12 жардамчысы 12 500 адамга жетчү шорпону даярдоо үчүн тогуз саат убакыт сарпташкан. Чоң казанда 4 650 литр Сobanac шорпосу даярдалган. Аны даярдоодо 1 700 килограмм эт жана 300 килограмм пияз колдонулган.
2010-жылдын 6-майында Тед Ридер жана "Napoleon" компаниясы Канаданын Торонто шаарында гигант гамбургерди жасашып, дүйнөлүк рекордду жаңыртышкан. Гамбургердин салмагы 268 килограмм болуп, анын ичинен уй этинен жасалган котлета 136 килограмм, 22 килограмм сыр, 9 килограмм пияз, 14 килограмм латук салаты колдонулган. Бул кулинардык шедевр мурдагы дүйнөлүк рекорддон үч эсе чоңураак болгон.
Бул иш-чара "Napoleon’s Everyday Gourmet Burgers" деген жаңы кулинардык китепти жарнамалоо максатында уюштурулган, анда Тед Ридердин жүздөн ашуун гамбургер рецеби камтылган. Бул гигант гамбургер аукциондо 7,5 миң долларга сатылып, каражаттар күйүк алган балдарга жардам берүү үчүн түзүлгөн Camp Bucko лагерин колдоого жумшалган.
2008-жылдын 25-январында Мексиканын Мехико шаарында Филадельфия азык-түлүк компаниясы дүйнөдөгү эң чоң чизкейкти даярдоодо рекорд орнотушкан. Чизкейктин салмагы 2133,5 килограммды түзүп, диаметри 2,5 метр, бийиктиги 56 сантиметр болгон. Бул чоң чизкейкти 55 мексикалык ашпозчудан турган команда даярдаган.
Гиннесстин дүйнөлүк рекорддору тарабынан таанылган эң чоң чизкейктин рецебинде 800 килограмм Филадельфия каймак сыр, 800 килограмм йогурт, 250 килограмм шекер, 150 килограмм май, 100 килограмм кулпунай колдонулган.
2015-жылы италиялыктар дүйнөдөгү эң чоң тортту жасашып, Гиннестин рекорддор китебине киришкен. Уюштуруучулар узундугу 16,5 метр, туурасы 14 метр узундуктагы тортту жасашкан. Даярдалган кулинардык чеберчилик эмгегинин аянты 224 чарчы метрди түзүп, салмагы бир тонна болгон. Бул торт өлчөмү боюнча 2014-жылы Британиянын ашпозчулары орноткон рекордду ашып түшкөн.
Бул кулинардык чыгарма Италиянын картасы формасында жасалып, туристтер арасында популярдуу болгон өлкөдөгү белгилүү имараттар менен эстеликтердин таттуу моделдери менен кооздолгон. Десертти кооздоодо 300 дизайнер-кондитер төрт күн бою даярдаган. Торт Милан шаарындагы эл аралык соода жарманкесинде көрсөтүлүп, иш-чаранын соңунда 12 миң конокко толугу менен берилген.
Испаниянын түштүгүндө жайгашкан Альмерия аймагындагы Пулпи шаарынан келген ашпозчулар 2012-жылдын сентябрында дүйнөдөгү эң чоң салатты даярдашып, Гиннес рекорддор китебине киришкен. 6700 килограммдык бул гигант салатты даярдоо үчүн 20 ашпозчу 16 сааттан ашык убакыт иштешкен. Салаттын курамында жашыл салат жалбырактары, помидор, пияз, калемпир жана зайтун болгон.
Гиннес рекорддорунун расмий калысы ошол жерде болуп, рекордду тастыктаган. Салат кийин Пулпи шаарында ресторандардагы кардарларга бекер таратылган.
Сербияда 2009-жылы 28-февралда 25 жылдык салттуу колбаса фестивалына 2 025 метр узундуктагы колбаса даярдалган. Турижа шаары дүйнөдөгү эң узун колбаса жасоо боюнча Гиннесстин рекорддор китебинде буга чейин эле кирген. Шаар жыл сайын өз рекордун бир нече сантиметрге жаңылап турат.

