Орусияда арыктоого аракет кылган аял өмүрүнөн ажырап кала жаздады
Екатеринбургда арыктоого аракет кылган аял инфаркттан жана инсульттан улам өмүрүнөн ажырап кала жаздады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, арыктоо үчүн аял мурунку диетасын таштап, БАД иче баштаган. Бул диета анын организминдеги суюктуктун жана маанилүү микроэлементтердин жетишсиздигине, ошондой эле организмдин функцияларынын бузулушуна алып келген. Ошондон улам ал инсультка кабылган.
Аял шаардык ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер инсультту токтотуп, электролит балансын жана мээнин кан айлануу көрсөткүчтөрүн калыбына келтирүү үчүн интенсивдүү терапия жүргүзүшкөн. Бейтаптын абалы турукташып, үйүнө чыгарылды. Ошол эле учурда дарыгерлер ага реабилитациядан өтүүнү жана терапевттин жардамы менен диетаны тууралоону сунушташкан.
Бир нече жумадан кийин айым кайрадан ошол эле ооруканага мээ инфаркты менен жаткырылган. Көрсө, ал сунуштарды укпай, ал тургай коркунучтуу БАДты кайра ичип жүргөн. Дарыгерлер аны кайрадан сактап кала алышкан. Ал бир жума ооруканада жаткан.
Дарыгерлер көп күч-аракет жумшабастан арыктоо мүмкүн эмес экенин белгилешет. Спорт жана диета татаал жана көп убакытты талап кылат, бирок алар эффект берет.

